Марал Радиосу

Ташиев: Бүгүн, эртең жогорураак кызматтагы жетекчилер кармалышы мүмкүн

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 5-декабрдагы жыйынында салык системасындагы жемкорлук тууралуу айтып жатып, Салык кызматынын Бишкектеги төрт жетекчиси кармалганын айтты.

Алар мамлекеттик бюджетке 2-3 млрд сом зыян келтиргенин кошумчалады. Ошондой эле учурда териштирүү жүрүп жатканын, салык тутумундагы жогорку кызматтагы жетекчилер да кармалышы мүмкүн экенин айтты.

«Коррупция менен күрөшүүгө караганда, уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү оңоюраак экен. Мен аны өзүм көрдүм, сездим. Азыр «бандиттик» ишти эч кыла албайт, качып жүрөт. Ал эми коррупция дагы деле уланып жатат. Жемкорлук жогорку деңгээлге жетти. Кечээ эле салык кызматынын Бишкектеги жетекчилерин кармадык. Алар бюджетке алдын ала эсептөөлөр боюнча 2-3 млрд сом зыян келтирген. Ошол эле учурда биз жөнөкөй соодагер, ишкерлерден салык төлө деп кыйнап атабыз. Өзгөчө ошол ЭТТН системасы боюнча коррупциялык жол түзүшкөн. Бул башталышы гана. Бүгүн, эртең дагы жогорураак кызматтагы жетекчилерди кармашыбыз мүмкүн. Бул мафиялык жемкорлук түзүлүш  болуп калыптыр» , — деди УКМК төрагасы.

4-декабрда Мамлекеттик салык кызматынын бир нече жогорку кызматтагы жетекчилери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып кармалган.

Алар 2024-жылы Бишкек шаарынын аймагындагы товарлардын акциздик тобуна жалпы наркы 3,2 миллиард сомду түзгөн эсеп-фактураларды атайылап көз жаздымда калтырышканы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек райондук бөлүмдөрүндө жана ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгына тинтүү жүргүзүлдү.

Мындан тышкары мамлекетке келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо үчүн тиешелүү текшерүүлөр дайындалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде бул кылмышка шектүү катары Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыктарынын төрт жетекчиси кармалып,
сот тарабынан бөгөт коюу чарасы каралды.

Exit mobile version