BBC 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 аялдын тизмесин жарыялады.
Ага Кыргызстандан Жаңылсынзат Турганбаева кирди. Ал «Маданият жана билим берүү» номинациясы боюнча тандалып алынган.
Жаңылсынзат Турганбаева «Шоро» компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин жубайы, азыркы учурда «Супара» этнокомплексинин жетекчиси.
Анын негизги максаты Кыргызстандын маданий мурастарын сактоо жана кайра жандандыруу. Ошондой эле Бишкектеги этнографиялык музейди жетектейт.
Кыргыз адабиятын жана «Манас» эпосун сактоо, жайылтуу, ошондой эле манасчыларды колдоп, демилгелүү кайрымдуулук иштерин жасап келет.
Дүйнөдөгү жүз таасирдүү айымдардын тизмесине дагы бир катар белгилүү инсандар, анын ичинде Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Надя Мурад, оор зомбулукту баштан өткөргөн активист Жизель Пеликот жана Голливуд жылдызы Шэрон Стоун, олимпиадалык атлеттер Ребекка Андраде жана Эллисон Феликс, ырчы Рей, сүрөтчү Трейси Эмин, климат боюнча активист Аденике Оладосу жана жазуучу Кристина Ривера Гарса бар.
2024-жылдын негизги тандоосунда аялдар «туруктуулук» сыпаты боюнча бааланган.
Бир нече жылдан бери дүйнө жүзүндө кандай кыйынчылык болбосун, коомдун алдыңкы айымдары өзүнүн оң таасирин берип, өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошуп келишүүдө.
Би-Би-Си 2024-жылы аялдар Газадагы, Ливандагы, Украинадагы жана Судандагы куралдуу кагылышууларга жана гуманитардык кризистерге күбө болушканын, мындан сырткары дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө өткөн шайлоолордон улам пайда болгон коомдук бөлүнүүлөрдүн да терс таасирин сезишкенин белгилейт. Алар оор шарттарга карабай өздөрүнүн майтарылгыс эркин, кайратын көрсөтүп, багынышкан жок.
Би-Би-Синин 100 Айым долбоорунун тизмесинде климаттык кризистин таасирин изилдөө жана анын кесепеттери менен күрөшүү үчүн өз коомчулугуна жардам берип жаткан активисттердин эмгеги баса белгиленди.