Марал Радиосу

Аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт

default

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 5-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9,

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +7…+9 градус жылуу болот.

Exit mobile version