Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун башкы жардамчылары аскердик абалдын киргизилгендигине байланыштуу кызматтан кеткенин Кореянын президенттик администрациясы билдирди.
Кореянын Йонхап агенттигинин маалыматына караганда, арыз бергендердин арасында Башкы штабдын башчысы Чунг Жин Сок, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Шин Вон, саясий штабдын башчысы Сун Тэ Юн жана башка жети улук жардамчысы бар.
«Президенттик аппараттын бардык жетекчилери жана улук катчылары кызматтан кетишти», — деп билдирет агенттик.
Ошол эле учурда Түштүк Кореянын демократиялык профсоюздардын улуттук федерациясы президент Юн Сок Ёл отставкага кетмейинче жалпы иш таштоо жарыялады.
3-декабрда Юн Сок Ёл аскердик абал киргизилгенин жарыялаган. Ал арада бийликтеги партиянын лидери Хан Донг Хун президенттин аскердик абал тууралуу буйругун аткарган аскерлердин аракеттерин мыйзамсыз деп атады.
Түштүк Кореянын Демократиялык партиясы Юн Сок Ёлду кызматтан кетүүгө чакырып, импичмент жараяны башталат деп коркуткан. Оппозициялык партия парламентте көпчүлүктү түзөт.