Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка президенти Садыр Жапаров кол койду.
Министр кызмат ордуна дайындоо үчүн Равшанбек Сабировдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Президенттин дагы бир Жарлыгы менен Жылдыз Полотова башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду.
Равшанбек Сабиров 2021-жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо «Ата Журт-Кыргызстан» саясий партиясынан VII чакырылышка депутат болгон.
Ага чейин 2021-жылдын февраль айынан 10-октябрына чейин президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген.
2020-жылы октябрь айынан 2021-жылдын февраль айына чейин вице-премьер-министр, 2011-жылы декабрь айынан 2012-жылдын сентябрь айына чейин Социалдык өнүгүү министри кызматын аркалаган.