Жылдыз Полотова Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жылдыз Полотова башка кызматка которулат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жылдыз Полотова бул кызматка 2024-жылдын июнь айында дайындалган.