Марал Радиосу

Бишкекте Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнү белгиленди

Бүгүн Бишкекте Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык концерт уюштурулду.

Мэриядан билдиришкендей, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ХХIV-шаардык көркөм чыгармачылык фестивалынын жана «Күн баарына бирдей тиет» аттуу прикладдык искусство конкурсунун гала концерти өттү.

Майрамдык иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева катышып жогоруда аталган фестивалдын жана конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлады.

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер, тиешелүү дипломдор жана грамоталар тапшырылды.

Учурда Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү мекемелеринде 13,7 миңден ашык майыптыгы бар адамдар каттоодо турат.

Exit mobile version