Марал Радиосу

Өзбекстанда айрым мамлекеттик органдарга ишкердик кылууга тыюу салынды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн куралдуу күчтөрүндөгү жана укук коргоо органдарынын күжүрмөн даярдыгын жана кызматтык ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Жаңы мыйзамга ылайык, аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ишкердик менен алектенүүгө, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан өздөрүнүн кызыкчылыгы жолунда кызматтык милдеттерин аткаргандыгы же аткарбаганы үчүн сый акы, жеңилдиктерди же белектерди алууга тыюу салынат.

Ошондой эле алардын кызматтык абалына байланыштуу мыйзамсыз жеңилдиктерди, преференцияларды же артыкчылыктарды пайдалануусуна тыюу салынат.

Мыйзам жарыялангандан бир ай өткөндөн соң күчүнө кирет.

Exit mobile version