Марал Радиосу

Уларбек Бакырдинов: “СИП панел менен курулган үйгө тонналап көмүр жакпайсың”

ADECS International (АДЕКС Интернешнл) курулуш компаниясынын башкы директору Уларбек Бакырдинов менен СИП панел аркылуу курулган үйлөрдүн өзгөчөлүктөрү жана анын артыкчылыктары тууралуу маек курдук.

— ADECS International курулуш компаниясы тууралуу маалымат берсеңиз?

-Биздин компания 2013-жылы мамлекет тарабынан расмий каттоодон өткөн. 2016-жылдан тарта Сип панел технологиясы менен иштей баштадык. СИП панел Европа мамлекеттеринде кеңири тараган курулуш материалдарынын бири. Изилдөөнүн жыйынтыгында бул технология Кыргызстандын климатына, географиясына туура келет экен. Учурда СИП панел аркылуу өлкөнүн 44 районуна үй курдук.

-СИП панелдин өзгөчөлүгү эмнеде?

-Мисалы, Канада биздин Нарындан дагы суук. Бирок эли тонналап көмүр жакпай эле кыштан чыгышат экен. Бул СИП панелдин берген мүмкүнчүлүгү. СИП панел үйдү жылуу кармагандан тышкары, жер титирөөгө да мыкты туруштук берет. Ал эми Жапонияда жер титирөө көп болот эмеспи. Ошондон улам жапондор да үйлөрдү СИП панел менен курушат.

Мындан тышкары, дүйнөлүк СИП куруучуларынын биримдигине мүчө болуп кирдик. Штаб квартирасы Вашингтондо жайгашкан. Ага 6 миң курулуш компания мүчө экен.

2024-жылы бул технология менен Кыргызстан боюнча 150дөн ашык үй салдык. Буюрса 2025-жылы 200дөн ашабыз деп ниет кылып жатабыз.

Exit mobile version