Марал Радиосу

Алмаз Кулматов «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору болду

Министрлер кабинетинин төрагасынын тескемесине ылайык, Алмаз Кулматов «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору болуп дайындалды.

Аны гезиттин эмгек жамаатына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев тааныштырды.

Алмаз Кулматов 1967-жылы төрөлгөн, Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Ал мамлекеттик түзүмдөрдө жана билим берүү тармагында чоң тажрыйбага ээ.

2016–2017-жылдары Президенттик Аппараттын этностук жана диний саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Андан кийин вице-премьер-министрдин кеңешчиси болгон.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төраганын орун басары, Нарын шаарынын мэри кызматтарын аркалаган.

Алмаз Кулматов 200дөн ашуун макала жана илимий эмгектердин автору.

Exit mobile version