Марал Радиосу

4-декабрдын аба ырайы

default

Эртең, 4-декабрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10,

Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…+5.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.

Exit mobile version