Президент Садыр Жапаровдун Кореяга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду
Алар:
— Корея менен Кыргызстандын ортосунда «Баарын камтыган өнөктөштүктү түзүү» жөнүндө биргелешкен билдирүү;
— климатты өзгөртүү жаатында кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашуу;
— Өкмөттөрдүн ортосундагы Кош салык салуудан баш тартуу жана киреше жана капитал салыктарына карата салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол;
— 2025-жылдан 2029-жылга чейинки мезгилге экономикалык өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык фондунан (ӨКТ) кредиттер жөнүндө алкактык макулдашуу;
— билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
— маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
— Тышкы иштер министрлеринин 2025-2026-жылдарга кызматташтык программасы;
— сооданы жана инвестицияларды илгерилетүү боюнча механизмди түзүү жөнүндө Меморандум;
— энергетика жана критикалык минералдар жаатында кызматташуу үчүн негиздерди түзүү жөнүндө Меморандум;
— кадрдык башкаруу жана персоналды башкаруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө Меморандум;
— токой чарбасы жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандум.
— агротокой чарбасы жана багбанчылык чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
— парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча эл аралык программанын алкагында чакан ГЭСтердин 10 жаңы долбоору үчүн башкы планды жана техникалык-экономикалык негиздемени биргелешип даярдоодо кызматташуу боюнча Меморандум;
— «Кыргызэкспорт» борбору менен Кореянын импортерлор ассоциациясынын (KOIMA) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Корей эл аралык соода ассоциациясы (KITA) менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Кореянын соода жана инвестициялык агенттиги (KOTRA) менен меморандум;
— Ош шаарындагы санитардык таштанды полигонунда көмүртектин чыгарылышын азайтуу жана полигон газын пайдалануучу электр станциясы инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— ECOVICE Origin жана SUNJIN Engineering & Architecture компанияларынын консорциумунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— почта байланышы тармагындагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
— түшүм жыйноодон кийин айыл чарба өсүмдүктөрүн башкаруу системасын түзүүнү колдоо жолу менен айыл чарбалык нарк чынжырын чыңдоо долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколу;
— санариптик трансформация үчүн улуттук маалыматташтыруунун потенциалын жогорулатуу долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколу;
— Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Кореянын Адамды өнүктүрүү улуттук институтунун (NHI) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.