Кыргыз экономикасы акыркы жылдары чоң темп менен өнүгүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.
“Кыргыз экономикасы 6-7-8 пайыз менен өнүгүүдө. Бул абдан чоң көрсөткүч. Европада 1 — 0,5 % артка кеткен учурлар катталууда. Мындай фондо Кыргызстандын 6-8 пайыз менен өнүгүүсү суктанарлык өсүш экенин Кыргызстандын Германия федеративдүү республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаев.
Белгилей кетсек, өкмөт 2024-жылдын июнь айында Кыргызстандын экономикасы 8,1% өскөнүн жарыялаган.