Марал Радиосу

Бишкек шаардык кеңешинин жаңы курамы биринчи жыйынын өткөрдү

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Борбор калаанын шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Конушбаев депутаттарга төш белгисин тапшырып, депутаттар ант беришти.

Шаардык кеңештин регламентине ылайык, биринчи сессияны жаш курагы боюнча эң улуу депутат ачып, шаардык кеңештин төрагасы шайланганга чейин алып барат.

Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине төраганы, төраганын орун басарын шайлоо, фракцияларды каттоо жана алардын лидерин аныктоо, туруктуу комиссиялардын тизмесин, алардын курамын жана төрагаларын бекитүү жана уюштуруунун башка маанилүү маселелери кирди.

Бул чакырылышта депутаттардын саны 51ге чейин көбөйтүлдү. Административдик-аймактык реформа болгонго чейин Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат болгон.

Кыргызстанда 264 шаардык жана айылдык кеңештин депутаттары шайланды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагындагы административдик-аймактык реформага байланыштуу мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы түзүлгөн айыл аймактарында жана шаарларда кеңештердин сессиялары аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан чакырылат.

26-30-ноябрда аймактарда 263 кеңештин биринчи уюштуруу сессиялары өттү: 32 шаардык жана 231 айылдык кеңештер.

Аймактык шайлоо комиссиялары шайланган депутаттарды каттап, аларга жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрүн жана төш белгилерин тапшырды.

Мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине төрага, төраганын орун басарларын шайлоо жана жергиликтүү кеңештин ишинин уюштурулушу боюнча башка маселелер киргизилет.

Шаардык жана айылдык кеңештердин төрагалары депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен шайланып, жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү үчүн дайындалды. Кеңештердин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү — 5 жыл.

22-26-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясында 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештердин шайлоо жыйынтыктары боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилди.

Exit mobile version