Бишкек шаардык соту 2-декабрда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевердин ишин карады.
Сот коллегиясы алардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды колдогон жок жана Свердлов райондук соттун чечимин күчүндө калтырылды.
Буга чейин райондук аларды эки айга камакка алган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков абакта ачкачылык кармоону улантууда.