Марал Радиосу

Ошто көмүрдү кымбат саткандар айыпка жыгылды

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, ош облусунда көмүрдү белгиленген баадан жогору саткандарга айып пул салынды.

28-29-ноябрда президенттин өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев жана бир катар тиешелүү жетекчилер Кара-Суу, Ноокат жана Араван райондорундагы көмүр сатуучу жайларда көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүштү.

Мониторингдин жыйынтыгында көмүрдү белгиленген баадан жогору саткан сатуучуларга айып пулдар салынды.

Учурда, ош облусунун аймагында жалпы 138 көмүр саткан база бар.

Exit mobile version