Марал Радиосу

Бир түндө 41 айдоочу мас абалында унаа башкарган

Кыргызстанда бир түндө 41 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Ички иштер министрлигинин эки айлык иш-мерчеминин алкагында 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү өлкө аймагында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Анын негизинде жол эрежелерин одоно бузган 2 842 айдоочулар аныкталды. Анын ичинен;

  • мас абалында унаа башкарган – 41 айдоочу;
  • тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган – 29 айдоочу;
  • ылдамдыкты ашырып айдаган – 578 айдоочу;
  • каршы тилкеге чыгып унаа башкарган – 24 айдоочу;

Ошондой эле 286 авто унаа одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып короо жайына токтотулду.

Exit mobile version