Кечээ, саат 15:18де Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Өзгөн районунун Куршаб айылынан түндүк-батышка карай 2 чакырым, Правда айылынан чыгышка карай 5 чакырым, Мырза-Арык айылынан түштүк-батышка карай 6 чакырым, Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 37 чакырым аралыкта жайгашкан.
Калктуу конуштарда — Куршаб айылында 3 балл, Мырза-Арык жана Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок