Марал Радиосу

Грузияда нааразычылык акцияга чыккандарга полиция суу менен атып, 43 адамды кармады

Грузин полициясы атайын техниканы жана суу аткычтарды колдонуп, демонстранттарды Тбилисидеги парламент имаратынан сүрүп чыгарып, өлкөнүн ички иштер министрлиги (ИИМ) 43 адамды кармалганын билдирди.

Масштабдуу акция Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе өлкөнүн Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга жылдыруу чечимин жарыялагандан кийин башталган.

Акцияга миңдеген адамдар катышкан. Полиция жана ОМОН демонстранттарды таркатып, көздөн жаш агызуучу газ жана суу аткычтарды колдонуп, демонстранттарды кармап кетишкен.

Грузияда акыркы парламенттик шайлоодон бери нааразычылык акциялар уланып келет, бийликтеги айрым адамдар өлкөнүн Евробиримдикке мүчө болушун жактаса, айрымдары каршылыгын билдирип келет.

Exit mobile version