Connect with us

УКМК төрагасы Ташиев «Кемпир-Абадчылар» менен жолукту

Кыска кабар | 29 Ноя 2024 | 106 | 0

Бүгүн, 29- ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, акталган активист, саясатчылар менен жолукту. Бул тууралуу жолугушууга катышкандар Фейсбук баракчалары аркылуу билдиришти.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов Камчыбек Ташиев чакырганын жана Кемпир-Абад маселеси боюнча маалымат берилгенин Фейсбук баракчасына жазды.

«Биз Кемпир-Абад иши менен айыпталып, акыры акталып чыккандар УКМК төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин чакыруусу менен кабыл алуусунда болдук. Кемпир-Абад маселеси боюнча маалымат берилди. Саясий маданияттын жанданышы бүгүнкү күндүн жолугушуусу болду. Ачуу да, жактуу да сөздөр айтылып, жалпысынан пикир алмашуу позитивдүү нукта өттү. Саясий иште саясий диалогдун орун алганы, саясий маданияттын көрсөткүчү. Бийлик жана коомдун ортосунда ар дайым диалог болгону дурус».

Ошондой эле активист Илгиз Шаменов да Фейсбук баракчасына Камчыбек Ташиев менен жолугушуу болгонун, УКМК төрагасы карталар менен баарын көрсөткөнүн жана ар кандай талкуу болгонун, жеке өзү ага ынанганын жазды.

«Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич менен жолуктук, УКМКнын конок үйүндө, бизди жылуу маанайда кабыл алды десем жаңылышпайм. Кемпир-Абад боюнча Камчыбек Кыдыршаевич жеке өзү баарын көрсөтүп, дыкаат түшүндүрүп берди. Карталардын баарын жайып ачык көрсөттү, ар тараптуу талкуу болду, жеке мен ынандым. Себеби мен көргөн документтердин негизинде, биздин картабыз мурда 199 мин квадрат болсо, азыр 200 мин квадрат метр болгонун картадан өз көзүм менен көрдүм.

Эми калганына тарых баа берет деп ойлойм, жылуу маанайда бизди кабыл алып, түшүндүрүп, сөз берип оюбузду укканы үчүн Камчыбек Кыдыршаевичке терең ыраазычылык билдирем. Дагы кандайдыр бир маселелер болсо келгиле, эшигим дайыма ачык деген сөзүн айтты».

Азырынча жолугушууга кимдер катышканы тууралуу маалымат жок. Бул жолугушуу тууралуу Президенттик администрация жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет да расмий билдирүү тарата элек.

Ушул жылдын 14-июнунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган 20дан ашык киши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда акыркы сөзүн сүйлөгөн. Айыпталуучуларга сот өкүмү угузулуп, алардын баары акталганын сот отурумунан чыккан айыпталуучулар билдирген. Кармалып тургандар сот залынан дароо бошотулган.

Буга чейин прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарды ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Саясатчы, активист жана блогерлер 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Аларга Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM