Connect with us

Адвокат Самат Матцаков абактагы ишкер Ташов боюнча кармалганын айтты

Кыска кабар | 29 Ноя 2024 | 243 | 0

Камактагы ишкер Имамидин Ташовдун жактоочусу Самат Матцаков кармалды. Ал «Азаттыктын» кабарчысына абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу, «алдамчылык» беренеси мене иш козголгонун айткан.

«Алдамчылык менен иш козгоп, бирок Ташовдун ишине байланыштуу диктофон жана төрт дискти алып кетишти. Мен кармалышымды адвокаттык ишмердүүлүгүмө байланыштырам. Мага каршы илинчек издеп жатканы белгилүү болчу. Өткөн жумада эле «алдамчылык» беренеси менен иш козгошкон. Бирок бардык жарандык келишимдер бар. Иш козгой тургандай негиз жок», — деди жактоочу.

Сатам Матцаковдун адвокаты Нурсултан Жаныбеков «Азаттыкка» Самат Матцаков боюнча буларга токтолгон:

«Азыр өзүнө шектүү экенин угузушту. Соттун токтому жок эле да. Тергөөчү шашылыш эле бир токтом менен келди. Алдын ала маалыматтар боюнча менчикке каршы кылмышка шек санап атышат, алдамчылык дешип. Бирок өзүнүн айтымында, эч кандай алдамчылык фактысы болгон эмес. Үйүн тинткенде Ташовго байланыштуу дисктерди алып кетти».

Ошондой эле Жаныбеков муну менен катар өзү да суракка чакырылып жатканын айтты.

«Эртең менен Матцаков экөөбүз суракка чогуу кирмекпиз. Бирок сүйлөшкөнгө жетишпей калдым. Азыр эч нерсе билбейм. Биз эми жактоочубуз да. Элдин душманы эмеспиз, элге каршы чыкпайбыз. Мыйзамга каршы иштебейбиз. Мыйзам алкагында өз ишмердүүлүгүбүз менен алектенсек, эмнеге мындай кылып атышканын билбейм. Ыкчам кызматкерлердин айрымдары «Журналисттерге эмнеге чалдыңар?» деп атырылышты, эмне дегенин айтпай эле коеюн. Бул биздин ишибизге тиешеси барбы деп ойлоп жатам».

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Жактоочу Самат Матцаков журналист Актилек Капаровдун, акын Аскат Жетигендин да укугун коргойт.

Copyright © 2017 Maral FM