Connect with us

«Яндекс такси» компаниясы депутаттын сынына жооп берди

Кыска кабар | 29 Ноя 2024 | 171 | 0

«Яндекс такси» компаниясынын басма сөз кызматы компания айдоочулардын кирешесинен 21% кармап жатат деген билдирүү чындыкка туура келбей турганын билдирди.

Компаниянын маалыматына караганда, Кыргызстанда сервисти пайдалануунун сый акысы 10 пайызды түзөт, ал эми борбордогу жогорулатылган тарифтерде кошумча нарк салыгы жана сатуудан түшкөн салыкты кошуп алганда 17 пайыздан ашпайт. Сервистин сый акысы өлкөдө 2023-жылдын февраль айынын бери өзгөрө элек.

«Алынган сый акынын олуттуу бөлүгүн биз рынокко инвестициялар түрүндө кайтарабыз, мисалы, өлкөдө билим берүүчү жана социалдык долбоорлорду ишке ашырып жатабыз: балдар үчүн программалоо мектебин, информатика мугалимдери үчүн квалификациясын жогорулатуу курстарын, коммерциялык эмес уюмдарды жана башка демилгелерди системалуу түрдө колдоого алабыз. Биз топтолгон каражаттын бир бөлүгүн өнөктөштөр, айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн мотивациялык программаларга жумшайбыз. Мындай программалар сервистеги суроо-талап менен сунуш балансын сактоого багытталган, бул линиядагы айдоочулардын санынын кетүүнү каалагандардын санына туура келишин жана айдоочулар үчүн чакыруулардын дайыма жетиштүү болушун камсыз кылат» , — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, «Яндекс такси» өнөктөштөрүн Кыргызстандагы “Тулпар Моторс” биринчи автоунаа кураштыруучу заводунун автоунааларын сатып алууга үндөйт. Бул аркылуу өнөктөштөр өз автопаркын жаӊылап, кардарларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшырта алышат жана республиканын экономикасына дагы инвестиция салышат.

«Биз Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштейбиз жана мамлекеттик органдар менен, анын ичинде Антимонополиялык жөнгө салуу кызматы менен диалог жүргүзүп турабыз. Биз өткөн жылы жүргүнчү ташуу рыногунун катышуучуларынын кызыкчылыктарынын балансын сактоого багытталган кызматтык макулдашуу түзгөнбүз. Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынан суроо-талаптарды жөнгө салуу боюнча ар түрдүү сурамдарды дайыма алабыз жана суралган бардык маалыматтарды беребиз» , — деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин 28-ноябрдагы жыйынында «Яндекс.Такси» компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүүнү талап кылган. Ал компаниянын такси кызматы үчүн айдоочулардан алынган комиссиясы улам көтөрүлүп жатканын сындаган.

“Мен миңдеген такси айдоочусунун өтүнүчүн айтайын. Бул маселени экинчи ирет көтөрүп жатам. Анткени «Яндекс такси» кызматы Кыргызстанда бул тармактын 90 пайызын ээлеп, монополист катары катталды. Башында абдан аз комиссия менен рынокко кирген. Баасын улам көтөрүп отуруп, азыр таксоппаркты кошкондо комиссия 21 пайызга жетти. Миңдеген такси айдоочу ушул компанияга иштеп берип жатышат. Алардын баары машинени ижарага алып, иштеп жүрүшөт. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы да буларга чара көрө албайт экен. “биз берген каттарга “Яндекс.Такси” жөндөп жооп бербейт” дешти. Болгону эки жолу 13 миң сомдон айып салыныптыр. Бизди да тоготпой жатат дешти. Бул компаниянын ишмердүүлүгүн караш керек” , — деди депутат Акаев.

Буга чейин «Яндекс такси» кызматынын айдоочулары бир канча жолу нааразычылык билдиришкен.

«Яндекс такси» кызматы 2011-жылы Орусияда негизделген. Кыргызстандагы иши 2017-жылдын ноябрь айында башталган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл март айында «Яндекс» бизнес тобунун башкы директору Даниил Шулейко жетектеген делегацияны кабыл алып, компаниядан иштеген такси айдоочулары салык төлөшү керектигин айткан.

Даниил Шулейко өлкөнүн дээрлик ар бир жетинчи тургуну Яндекстин кызматын колдоноорун жана бүгүнкү күндө 100 миңден ашык айдоочу «Yandex Go» платформасында иштей турганын маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM