Марал Радиосу

Коргоо министрлигинин базасындагы 26 млн сомдук спорт комплекси мыйзамсыз сатылып кеткен

Коргоо министрлигинин базасындагы 26 млн сомдук спорт комплекси мыйзамсыз сатылып кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлигинин Бишкек турак-жай пайдаланууну камсыздоо базасында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 26 млн сомдон ашык суммага бааланган МАМ-19 спорт комплексин мыйзамсыз сатып жок кылуу фактысы аныкталды.

“Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган базанын командири Ж.Э.Ш. кармалып, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилип, камакка алынды”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери жүрүп, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө аракеттери уланып жатканы айтылды.

Exit mobile version