Марал Радиосу

Астанада ЖККУнун саммити өтүүдө

28-ноябрда Астанада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити башталды. Саммитке ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары ошондой эле коргоо жана тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери катышууда.

Бул жолку саммите Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйыны өтөөрү күтүлүүдө.

Саммиттин алкагында катышуучулар өлкөлөрдөгү аскердик-саясий кырдаалды, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын биргелешип белгилөөгө даярдыктарды, тынчтыкты сактоо, кадрларды даярдоо, илимий ишмердүүлүк сыяктуу 30дан ашык маселелер талкууланат.

Exit mobile version