Connect with us

Депутат мугалимдерге ноутбук сатып алуу «аттиш операциясын» кайталабашы керектигин айтты

Кыска кабар | 28 Ноя 2024 | 143 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламенттин 28-ноябрдагы жыйынында мугалимдерге ноутбук алуу боюнча өкмөттүн буйругун карап чыгууну талап кылды.

Ал буйруктун өзү бир топ кемчиликтери менен экенин, ноутбуктар Экономика министрлиги, Каржы министрлиги, Юстиция министрлиги каршы болгонуна карабай сатылып алынганын айтты.

“Мага документтердин хронологиясынан бери, баары келип түштү. Буйруктун өзү кемчиликтери менен экен. Муну парламенттин тармактык комитетинен карап көрөлү. Аягы барып “аттиш алуу операциясына” окшошуп калбасын. Коррупциялык жол менен алууга ылайыкталып калганбы, мындай буйрук чыкпаш керек эле” , — деди Камила Талиева.

Кыргызстандагы орто мектептердин мугалимдери ноутбук менен камсыздалышы керектигин президент Садыр Жапаров быйыл июлда тапшырган.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева биринчи этапта STEM предметтери: математика, физика, химия, биология, информатика боюнча 24 миң 431 мугалим ноутбуктар менен камсыздаларын айткан.

Бул максаттарга мамлекеттик бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Жылдын аягына чейин мугалимдердин 50%ы, 2025-окуу жылында 100%ы ноутбук менен камсыздалат деген маалымат берилген.

25-ноябрда президент Жапаров мектеп мугалимдери үчүн ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн, тагыраагы, сапатсыз ноутбук сатып берген деген негизде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бир катар аткаминерлерге сөгүш жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM