Марал Радиосу

«Баасы асман чапчыйт». Депутат «Яндекс такси» боюнча маселе көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев «Яндекс.Такси» компаниясынын ишмердүүлүгүн карап чыгууну өтүндү. Ал парламенттин 28-ноябрдагы жыйынында аталган компаниянын такси кызматы үчүн айдоочулардан алынган комиссиясы улам көтөрүлүп жатканын сындады.

“Мен миңдеген такси айдоочусунун өтүнүчүн айтайын. Бул маселени экинчи ирет көтөрүп жатам. Анткени «Яндекс такси» кызматы Кыргызстанда бул тармактын 90 пайызын ээлеп, монополист катары катталды. Башында абдан аз комиссия менен рынокко кирген. Баасын улам көтөрүп отуруп, азыр таксоппаркты кошкондо комиссия 21 пайызга жетти. Миңдеген такси айдоочу ушул компанияга иштеп берип жатышат. Алардын баары машинени ижарага алып, иштеп жүрүшөт. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы да буларга чара көрө албайт экен. “биз берген каттарга “Яндекс.Такси” жөндөп жооп бербейт” дешти. Болгону эки жолу 13 миң сомдон айып салыныптыр. Бизди да тоготпой жатат дешти. Бул компаниянын ишмердүүлүгүн караш керек” , — деди депутат Акаев.

Буга чейин «Яндекс такси» кызматынын айдоочулары бир канча жолу нааразычылык билдиришкен.

«Яндекс такси» кызматы 2011-жылы Орусияда негизделген. Кыргызстандагы иши 2017-жылдын ноябрь айында башталган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл март айында «Яндекс» бизнес тобунун башкы директору Даниил Шулейко жетектеген делегацияны кабыл алып, компаниядан иштеген такси айдоочулары салык төлөшү керектигин айткан.

Даниил Шулейко өлкөнүн дээрлик ар бир жетинчи тургуну Яндекстин кызматын колдоноорун жана бүгүнкү күндө 100 миңден ашык айдоочу «Yandex Go» платформасында иштей турганын маалымдаган.

Exit mobile version