Connect with us

Кыргызстанда өндүрүлгөн бал Евробиримдиктин реестрине кирет

Кыска кабар | 28 Ноя 2024 | 133 | 0

Кыргызстанда өндүрүлгөн бал 2025-жылдын башында Евробиримдиктин реестрине киргизилиши күтүлүүдө. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Дороги Сандор, ошондой эле айыл чарба тармагындагы венгр компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда талкууланды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда өндүрүлгөн балды Европа биримдигине экспорттоого байланышкан маселелер, ошондой эле балдагы заттардын калдыктарына мониторинг жүргүзүү системасын киргизүү тууралуу сөз болду.

Даярдалган мониторинг планы Европа комиссиясынын саламаттыкты сактоо жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча башкы директорлугуна жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында Европадан Кыргызстанга асыл тукум малды алып келүү маселелери талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM