Марал Радиосу

Мектептерде акча чогултууга тыюу салган мыйзам долбоорун парламент колдоду

Жогорку Кеңеш «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына, Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун колдоду.

Долбоорду депутат Миргүл Темирбаева сунуштаган.

Мыйзам долбоору мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылууга, мыйзамсыз акча чогултууларды, анын ичинде мектептерде коомдук фонддорду түзүүнү болтурбоо максатында жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталса, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу сунушталган.

Мыйзам долбоорун талкуулоодо депутаттар мектептерге чарбалык иштерин жүргүзүүгө, оңдоп-түзөө иштерине ыктыярдуу демөөрчүлүк кылууга мүмкүнчүлүк берүү, республикалык бюджеттин эсебинен билим берүү имараттарынын шартын жакшыртууга жеткиликтүү каражат бөлүү сыяктуу бир катар маселелерге көңүл бурушту.

Exit mobile version