Марал Радиосу

Бишкек мэриясы «Ак-Кула» ат майданынын аймагы «РЦА Ливингге» 49 жылга берди

«Ак-Кула» ат майданынын аймагы «РЦА Ливинг» жоопкечилиги чектелген коомуна 49 жылга пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык мэриясы менен «РЦА Ливинг» жоопкечилиги чектелген коомуна «Ак-Кула» ат майданынын аймагын өткөрүп берүү боюнча келишимге жана макулдашууга кол коюшту.

“2024-жылдын 8-июлунда Бишкек шаарынын мэриясына «ROX Group» жана «TNG Global Foundation»  компанияларынан Ак-Кула ипподромунун мүлк комплексин сатып алуу сунушу келип түшкөн. «ROX Group» жана «TNG Global Foundation» компаниялары «РЦА Ливинг» ЖЧКсы туунду компаниясы түзүлдү. Эски ипподромдун ордунда заманбап турак жайларды, бизнес борборлорду, коомдук имараттарды, ошондой эле социалдык объектилерди куруу пландаштырылууда. Инвестициялардын жалпы көлөмү болжол менен 87 миллиард сомду түзөт.”, — деп айтлат маалыматта.

Келишимге ылайык, жер тилкесин 49 (кырк тогуз) жылга ПАЙДАЛАНУУ үчүн шаардык бюджетке 5,8 млрд сом өлчөмүндө төлөм каралган. Ошондой эле 3,5 миллиард сом суммасында Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп берүү менен социалдык объекттерди (үч жалпы билим берүү мекемелери; үч мектепке чейинки билим берүү мекемелери; парк зоналары; муниципалдык жолдор жана тротуарлар, жогоруда аталган объекттерге инженердик тармактар) куруу каралган.

Мындан тышкары, инвестор Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгууга каражат бөлүүдө. Натыйжада шаардык муниципалитетке  10 миллиард сомго чейин киреше түшөт.

1947-жылы курулган ат майдандын аянты 45,73 гектар жерди түзөт жана андагы имараттардын аянты 1818,5 чарчы метр. Көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8,7 миллиард сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн жана ошол суммага аукционго коюлган.

Быйыл 21-мартта «Ак-Кула» ат майданынын жаңы курула турган имаратына капсула салынган. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жаңы ат майданда көк бөрү оюндарын көрүү үчүн 10 миң орун, башкы ат майдан 20 миң орундуу болору мерчемделген. Мурдагы ат майдандын аянты 57 гектар болчу. Жаңы ипподромго 200 гектардан ашык жер бөлүнүп берилди.

Ат майданында соода борбору, мейманкана, дүкөн, кафе-ресторан болору эске алынган, комплекс жыл бою иштейт.


Exit mobile version