Марал Радиосу

Израиль менен Хезболла ок атышууну токтотту

27-ноябрда Израиль менен Ливандын аймагында жайгашкан  Хезболланын ортосундагы ок атышпоо келишими эки тараптуу күчүнө кирди.

Ок атышпоо келишиминин шарттарына ылайык, израилдик аскерлер 60 күндүн ичинде Ливандан чыгып кетишет, ал эми “Хезболланын” согушкерлери чек ара аймактарын таштап, Ливандын армиясы ал жерде жайгашат.

26-ноябрда ок атышпоо келишиминин аткарылышына жардам берүү милдети жүктөлгөн Ливандын армиясы өлкөнүн Израиль менен чектешкен аймагына өз аскерлерин жайгаштырууга даярданып жатканын билдирген.

Exit mobile version