Марал Радиосу

Кыргыз-герман компаниялары Токтогул ГЭСинде калкыма күн электр станциясын курат

Токтогул ГЭСине суунун үстүнө калкып жүрүүчү күн электр станциясы курулат. Тиешелүү инвестициялык келишимге Кыргызстан менен Германиянын компаниялары 26-ноябрда Берлинде кол койду.

“СЭС Токтогул”, “СЭС Токтогул КГ” ачык акционердик коомдору жана германиялык Sonnenergie, a.s., AB Progressio GmbH, LTI ReEnergy CleanTech Project Development UG компаниялары кол койгон документтин максаты – Кыргызстандагы жашыл энергетика долбоорлоруна инвестиция тартуу, электр энергиясын импорттоодон көз карандылыкты кыскартуу болуп саналат.

Долбоордо 612 МВттык эки фазадан турган суунун үстүнө күн электр станциясын куруу пландалууда. Куруу иштери төрт жылга чейин созулат.

Мындан тышкары Энергетика министрлиги менен Siemens Energy Global GmbH & Co. KG компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандум энергетика тармагындагы долбоорлорду изилдөөгө жана ишке ашырууга багытталган.

Кыргызстанда Азия өнүктүрүү банкынын гранттык каражатынын эсебинен алгачкы суунун үстүндө калкып туруучу күн электр станциясы 2023-жылы курулган.

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, анын кубаттуулугу 100 киловатт. Ал Бишкектин четиндеги ГЭС-5те жайгашкан. 

Exit mobile version