Марал Радиосу

Инвестиция, гидроэнергетика жана билим берүү: Садыр Жапаров Германиянын президенти менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Берлин шаарына жасаган расмий сапарынын алкагында Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдө Германиянын президенти инвестиция, гидроэнергетика жана билим берүү сыяктуу негизги тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Президент Садыр Жапаров акыркы жылдары Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий диалогдун өнүгүшүндө оң динамика байкалып жатканын айткан.

Мындан тышкары, германиялык тарап демилгелеген “Германия — Борбордук Азия” диалогдук платформасынын ишмердүүлүгү жогору бааланды. Мамлекет башчы Кыргызстандын Европа Биримдиги (ЕБ) менен өнөктөштүгүн өнүктүрүү өлкөнүн тышкы саясатында маанилүү орунду ээлей турганын белгиледи.

 Президент Садыр Жапаров Борбордук Азиядагы регионалдык интеграциянын маанилүүлүгүн жана климаттык чакырыктарды чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан Германиянын туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү демилгелерин, анын ичинде «жашыл Борбордук Азия» программасын колдой тургандыгын жана бул жаатта активдүү кызматташууга умтуларын айтып өттү.

Президент 25-ноябрда расмий сапар менен Германияга барган.

Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Тараптар кыргыз-герман эки тараптуу кызматташтыгынын бүткүл комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле аймактык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.

Мындан тышкары, мамлекет башчы германиялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.

Exit mobile version