25-26-ноябрь күндөрү Интерполдун Башкы катчылыгынын өкүлдөрү расмий иш сапары менен Кыргызстанда болушту. Алар ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, Интерполдун Улуттук борбордук кеңсесине, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына жана ИИМдин Академиясына барышты.
Мындан тышкары, Интерполдун башкы катчылыгынын өкүлдөрү кылмышкерлерди издөө жана экстрадициялоо менен алектенген укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн атайын эки күндүк окуу-семинарын өткөрүштү.
Интерполго мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык, эл аралык сот адилеттиги жана укук коргоо тармагындагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү жолдору менен тажрыйба алмашууда тараптар мамилени чыңдоо керектигин белгилешти.