Марал Радиосу

ЖК: Интернеттеги жалган жалаа үчүн салына турган айыптын көлөмү азайтылды

Министрлер кабинети тарабынан сунушталган интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жана мазактоо сөздөрү үчүн айып пул салуу тууралуу мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилди.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 26-ноябрдагы жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

«Айыппулдун өлчөмү 100 миң сом болчу, ал мыйзамга туура келбегендиктен 20 миң сомго түшүрдүк, юридикалык жаткарга 200 миң сом болчу, аны 65 миң сомго түшүрүү сунушталды» , — деди депутат.

Буга чейин сунушталган долбоорго ылайык, жалаа жапкан жеке адамдарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып пул салуу каралган. Талкууларда мыйзам долбоорун артка кайтарып, айып пулдун өлчөмүн азайтуу, чечим чыгаруу укугун сот органдарына берүү сунушталган.

Долбоор парламентте биринчи окууда кабыл алынган. Бир катар депутат сунуш берип, мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизилди.

Мыйзам долбоорун комитет экинчи окууда кабыл алып, парламенттин кароосуна жөнөттү.

Exit mobile version