Марал Радиосу

Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде сактап калды. Банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдиргендей, Кыргызстанда инфляция Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн акча-кредит саясатынан улам туруктуу сакталып жатат.

Жылдык инфляция көрсөткүчү ноябрь айында жыл башындагы 7,3 пайыздан төмөндөп 5,2 пайызды түзгөн.

Инфляция түзүмү олуттуу өзгөрүүгө учураган жок – азык-түлүк жана азык-түлүктөн башка товарларга баалар орточо чекте кармалып турат.

Реалдуу ички дүң өнүмүнүн өсүшү 2024-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча 9,6 пайызды түзгөн. Өлкө экономикасында калктын кирешеси көбөйүүсүнүн натыйжасында ички керектөөнүн өсүшү байкалган, ага реалдуу эмгек акылардын жогорулашы менен өлкөгө жеке адамдардан акча которууларынын агымынын алгылыктуу динамикасы таасирин тийгизип жатат.

Ички валюта рыногунда жагдай туруктуу сакталып турат. Алмашуу курсунун учурдагы динамикасы сезондук факторлорго жана рыноктун катышуучуларынын ортосундагы чет өлкө валютасына суроо-талаптын жана сунуштун балансынын рыноктук калыптанышына байланыштуу шартталган.

Улуттук банк валюталык интервенцияларды алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн гана жүргүзөт. 2024-жылдын башынан бери Улуттук банк тарабынан чет өлкө валютасын таза сатуунун көлөмү 20,75 млн долларды түздү.

Жалпысынан банк секторун өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрү туруктуу экени айтылды. 2024-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча банктардын кредит портфелинин көлөмү 22 пайызга көбөйүп, депозиттик база 31,7 пайызга2 өскөн.

Долларлашуу көрсөткүчтөрү акырындап төмөндөөдө: 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча депозиттерди долларлаштыруу 43,9 пайызды, кредиттерди долларлаштыруу – 19,9 пайызды түздү.

Exit mobile version