Марал Радиосу

Улуттук банк валюта базарына 92,2 млн доллар сатты

Улуттук банк ири интервенция жасап, валюта базарына 92 миллион 25 миң доллар сатты.

Ушуну менен ноябрь айында үчүнчү жолу интервенция жасалды.

6-ноябрда 62,4 миллион доллар, ал эми 14-ноябрда дагы 70 миллион доллар сатылган.

Бүгүн Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллар орто эсеп менен 86,69 сомдон сатып алынып, 87,15 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын расмий курсу боюнча 86,7894 сомду түздү (өсүү — 0,33 пайыз).

Exit mobile version