Медицина илимдеринин доктору, профессор, хирург Эрнст Акрамов дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Эрнст Акрамов 1936-жылы Бишкек шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Бишкектеги №2 клиникалык ооруканада хирург болуп иштөө менен баштаган.
1967-жыл кандидаттык, 1990-жылы докторлук дисертациясын жактаган. КММИде ассистент, доцент, респубикалык клиникалык ооруканада жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
1992-жылдан тарта Чүй облустук ооруканасынын хириргуясынын башчысы болуп иштейт.
IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры.
2023-жылы Чүй облустук бириккен ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылган.