Марал Радиосу

Айсулуу Тыныбекова кийинки Олимпиада оюндарына барарын айтты

WW 62kg Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ)

Балбан Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган Олимпиадага бара турганын билдирди. Бул тууралуу ал УТРК спорт – Кыргызстан каналына берген маегинде айтты.

«Париждеги Олимпиада оюндарынын алдында аябай чарчаганымды сездим. Олимпидага бираз калгандар жараат да алып калдым. Ушунун баарын көтөрө албасак, татыктуу чыдабасак, ийгилик болбойт. Олимпиададан кийин келип эс алам деп ойлогом, бирок чынында эс ала элекмин. Жакын арада бир жыл, бир жарым жыл килемге келгим келбей жаткан. Болбой эле вице-президент кылып шайлап коюшту. Күрөштөн алыстап кетпей, тажрыйбам менен бөлүшүп турушум керек окшойт. Изденүүдөмүн азыр, жеке жашоомду да ордуна келтирип, бир-эки жылдан кийин 2028-жылы боло турган Олимпиада оюндарына даярдыктарды баштайм. Спорттук каръерамда бир эле медаль — Олимпидананы алтын медалы жок, калганы баары бар. Ар бир спортчунун кыялы бар, Олимпидадан жеңиш менен кайтуу. Негизи Олимпиаданын чемпиону болуу сезими башкача болот, аны эч нерсе менен салыштыра албайсың, Кудайым буюрса, ден соолугумду чыңдап, калыбына келтирип, кайрадан Олимпидага аттанам » , — деди Айсулуу Тыныбекова.

Айсулуу Тыныбекова быйыл октябрда Күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болгон.

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, дүйнөнүн үч жолку Азиянын алты жылкы чемпиону.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында спорттун Олимпиадалык түрлөрүнөн Дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык спортчу. Ал ошондой эле күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы кыргызстандык. Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери, «Даңк» медалы, II даражадагы Манас орденинин ээси. Тыныбекова Нурбек Изабеков менен Түгөлбай Базакечевдин жетекчилиги алдында машыгат.

Exit mobile version