Марал Радиосу

Ноокаттын Көк-Жар айылында алты милиция пара алууга шек саналып кармалды

Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылдык милициясынын алты кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички Иштер министриги билдирди.

Маалымата караганда, 20- ноябрда Ноокат райондук милиция башкармалыгынын Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы А.Т уулунун кызматтык бөлмөсүндө кол алдында иштегендерден акча алып жатканы боюнча тартылган видео жарыяланган.

Бул факты боюнча алдын ала текшерүүнү ИИМдин Ички иликтөө кызматы жүргүзгөн.

Анын негизинде М. у Ш., Н.З., М.А., М. у Б., Х. у Т. жана Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы М.Н кармалды.

Кармалгандар Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Соттун чечими менен кармалгандардын баарына бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалганы кабарланды. Учурда тергөө иштери уланууда.





Exit mobile version