Кыргызгидромет билдиргендей, 24-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерге туман түшөт. Тоойлуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусуда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10
Баткен жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8
Нарын жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн-2…-4°, күндүз +8…+10° жылуу болот.