Марал Радиосу

Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтүүдө

Бүгүн 23-ноябрда Бишкекте азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Жарманке эртең 24-ноябрда дагы уланат.

Жарманкени Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте уюштурууда.

Жарманкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.

Мындан кийин Бишкек шаарында ар дем алыш күндөрү жарманке уюштуруу мерчемделүүдө.

Жарманке Бишкек шаарынын 12 кичи району жана Түгөлбай-Ата көчөсү тагыраагы темир жол вокзалына жакын жерде өтөт.

Exit mobile version