Марал Радиосу

Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу жаз айларында ишке берилет

Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу келерки жылдын жаз айында ишке берилери маалым болду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев, Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Базаралиевдин айтымында, аталаган жолдун курулуш иштери 99% бүткөн.

Эске салсак, Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Жол Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад менен өтөт. Жол ишке берилсе өлкөнүн түштүк аймагындагылар Балыкчыга 6 саатта жетип барышат.

Exit mobile version