Диаметри 377 мм болгон квартал аралык түтүктөн ысык суунун агып жаткандыгына байланыштуу Учкун кичирайонунда жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулду.
Бул тууралуу «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишкананын кызматкерлери кабарлады.
Азыркы учурда оңдоо бригадалары жабыркаган жерин жана ордун аныктоо иштерин жүргүзүүдө. Тиешелүү оңдоо иштери бул аймакта жылуулук менен камсыздоо толук калыбына келгенге чейин улантылат.
Жылуулук жана ысык суу берүүнүн качан калыбына келери тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.
Белгилей кетсек, квартал аралык түтүк 1994-жылы пайдаланууга берилген.