Марал Радиосу

Тамчыдагы аэропорттун маңдайына беш жылдыздуу 7 мейманкана курулат

Тамчыдагы аэропорттун маңдайына беш жылдыздуу 7 мейманкана курулат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, 96 гектар жер жеке курулуш компанияларына ижарага берилген.

«Авангард», «Кыргызкурулуш», «Елизавета» жана башка курулуш компанияларына 10 гектардан берилди. Курулушка жалпысынан 7 ишкана тартылган. Аларга 5 жылдыздуу мейманканаларды куруу шарты коюлду. Учурда иштер жүрүп жатат. Долбоорлорду алар өздөрү сунушташкан», — деп кошумчалады ал.

Exit mobile version