Марал Радиосу

22-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет билдиргендей, 22-ноябрда Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…3, күндүз 1…6,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…2, күндүз 1…6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…1, күндүз 1…6,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…2.

Бишкек шаарында түнкүсүн ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 11…13 градус болот.

Exit mobile version