Марал Радиосу

УКМК төрагасы өзүнө жана үй-бүлөсүнө коркутуулар болуп жатканын айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 20-ноябрда журналисттерге өзүнө жана үй-бүлөсүнө карата коркутуулар болуп жатканын билдирди.

Ташиевдин айтымында, ага кечээ почта аркылуу баштык келген. «Баштыктын ичинде кат жана флешка болгон. Катта бир нече жолу «жеке Камчыбек Кыдыршаевичке» деп жазылган. Учурда катты ким жөнөткөнүн аныктоо боюнча иштер жүрүүдө», — деди ал.
Ошондой эле Ташиев журналисттерге флешка менен катты президентке көрсөткөнүн, президент бул ишти иликтөөнү тапшырганын айтты.

Каттын мазмунунда УКМКнын төрагасы белгилүү бир шарттарды аткарышы керектиги жазылган, шарттан баш тарткан учурда үй бүлөсүнө коркунуч жараларын айтып өттү.

Маалымат жыйындын соңунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөштү улантарын билдирди.

Exit mobile version