Марал Радиосу

21-ноябрдын аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 21-ноябрга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, жаан жаайт, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.

Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +4…+9,

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5.

Бишкекте жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +6…+8 градус жылуу болот.

Exit mobile version