Марал Радиосу

Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты ишке кирди

Энергетика министрлиги билдиргендей, Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегатын жаңылоо иши аяктап, кошумча 60 МВт кубаттуулук менен ишке кирди.

Жаңылоо иштери 2024-жылдын март айында башталган. Реконструкция жана жаңылоо долбоорун GE Hydro компаниясы ишке ашырды.

Токтогул ГЭСи Нарын дарыясындагы эң ири гидроэлектростанция, Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында жайгашкан.

Суу сактагычынын көлөмү 19, 5 млрд м3, мурда реконструкцияга чейин кубаттуулугу 1200 МВтты түзүп, ар бир гидроагрегаттын кубаттуулугу 300 МВттан болгон төрт агрегат турган.

Буга чейин станциянын эки гидроагрегаты жаңыланып, ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна 120 МВт кошулган.

Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСинде жалпысынан үч гидроагрегатты реконструкциялоодон кийин 180 МВТ кошулду.

Алдыга коюлган панга ылайык, төртүнчү гидроагегартты реконструкциялоо иши 2025-жылы башталат. Модернизациялоо долбоору аяктаса ГЭСке жалпы 240 МВт кубаттуулук кошулуп, ГЭСтин иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узарат.

Exit mobile version