Tunduk мобилдик тиркемесинде “КТБ” (калкты тейлөө борборлору) жаңы бөлүмү киргизилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Бул бөлүм калкты тейлөө борборлорунун кызматтарын бириктирип, онлайн режиминде керектүү кызматтарды оңой табууга жана пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
Калкты тейлөөнүн онлайн кызматтарында төмөнкү кызматтарды пайдаланса болот:
Кезекке туруу, жашаган жери боюнча каттоо, ID-паспорт алмаштырууга арыз берүү, жарандык абалдын актыларын каттоо документтерин санариптештирүү, дареги боюнча катталган адамдардын саны тууралуу маалымкат, күбөлүктү кайра алуу (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, никени каттоо, никени бузуу, аты-жөнүн өзгөртүү же каза болгондугу тууралуу күбөлүк сыяктуу жарандык абалдын актыларын кайра алуу).
Ошондой эле, жарандык абалдын актыларынын көчүрмөлөрү – бул кызматтын жардамы менен жарандар туулгандыгы, никеси жана ажырашуусу, атын өзгөртүү жана башкалар сыяктуу жарандык абалдын актыларынын жазууларынан көчүрмө ала алышат.