Марал Радиосу

2030-жылга чейин «Үч чоку» базасында 60 чакырым лыжа трассалары жана алты асма жол курулат

Президент Садыр Жапаров «Үч чоку» тоо лыжа класстерин ишке ашырууга арналган жумушчу кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысына бул жылы долбоор ишке ашырылып жаткан жерде объекттерди, жолдорду куруу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн изилдөө иштери жүргүзүлгөндүгү маалымдалды.

Муну менен катар асма жолду, суу топтоочу, тазалоочу курулмаларды жана эки подстанцияны куруу боюнча даярдык иштерин аяктоо пландаштырылууда.

Жыргалаң, Боз-Учук жана Ак-Булак үч чокусундагы жер тилкелери “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилген, геологиялык жана экологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Тоо лыжа базасын куруунун биринчи этабын 2030-жылга чейин аяктоо пландаштырылууда. Бул убакытка чейин 60 чакырым лыжа трассасы жана алты асма жол курулат.

Мейманканалар, ресторандар, этно-шаарчалар, конференц-залдар, ошондой эле башка эс алуу зоналары камтылган комплекстүү инфраструктура курулат.

Президент «Үч чоку» долбоорун ишке ашыруу өлкөнүн туризмин жана экономикасын өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин айтты. Ал тоо лыжа кластерин түзүү — чет элдик инвестицияларды тартууга, калктын иш менен камсыз болушун жогорулатууга жана Кыргызстандын дүйнөлүк туристтик рыноктогу позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Долбоор Ысык-Көл облусундагы үч тоо чокусун камтыйт: Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук. Планга ылайык, бул жерлерде жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассалары курулат.

Долбоор ишке ашкандан кийин 4,8 миң жумушчу орун түзүлөт деп күтүлүүдө. Аталган курорттор жылына 10 ай иштеп, ал жакка 850 миңге чейин турист бара алат.

Exit mobile version